Таш түшүрүү: Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунда унаа кыймылына чектөө кирет
2-ноябрдан 6-ноябрга чейин Боом капчыгайында, Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 132-чакырымында коопсуз таштарды түшүрүү иштери жүргүзүлөт.
Иштер саат 09:00дөн 15:00гө чейин жасалат.
Бул мезгилде транспорттун кыймылы жарым-жартылай чектелип, жол бир тилке аркылуу уюштурулат.
30-40тан ашык унаа топтолуп калса, иштер убактылуу токтотулуп, транспорттун өтүүсү камсыздалат.
«Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасы жүрүү багытын алдын ала пландоону өтүнөт.