Шакиранын концерти: Бишкек милициясы күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өтөт
Бишкекте 18-октябрда «Бишкек Арена» улуттук стадионунда дүйнөгө белгилүү ырчы Шакиранын концерти өтүп жаткандыгына байланыштуу милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөшөт. Бул тууралуу борбордук ИИББдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, кошумча чаралар масштабдуу эл аралык иш-чара учурунда коомдук тартипти жана көрүүчүлөрдүн коопсуздугун камсыз кылууга багытталган.
Стадионго видеокөзөмөл камералары орнотулду. Кырдаалдык борбордун кызматкерлери мүмкүн болгон кырсыктарга, окуяларга өз убагында чара көрүү үчүн абалга реалдуу убакыт режиминде көз салышат.
Милиция борбордун тургундарын жана конокторун коопсуздук эрежелерин сактоого, сергек болууга жана өзгөчө эл көп чогулган жерлерде жеке буюмдарына кылдат көз салууга чакырды.
«Эгерде сиз кылмыштуу аракеттердин курмандыгы болсоңуз же шектүү кырдаалды байкасаңыз, токтоосуз түрдө 102 номери боюнча милицияга кайрылыңыз», — деп белгилешти ИИББде.
Шакиранын концерти анын дүйнөлүк гастролдук турунун алкагында 2026-жылдын 18-октябрына пландаштырылган. Иш-чарага байланыштуу Бишкекке коңшу өлкөлөрдөн жана башка мамлекеттерден ырчынын күйөрмандары келиши күтүлүүдө.