Садыр Жапаров: «15ке жакын бажы жана чек ара кызматкери кармалды»
Контрабандага көмөктөшкөн деген шек менен Бажы жана Чек ара кызматынын 15ке жакын кызматкери кармалды.Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Баткен облусунун Лейлек районунун тургундары менен жолугушуусунда билдирди.
Мамлекет башчысынын айтымында, ал Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) жашыруун камерага тартып алган видеолорун көрүп чыккан. Анда кызматкерлер чек арадан товар алып өтүү үчүн айдоочулардан системалуу түрдө акча алып жатканы чагылдырылган.
«Баары конвейер сыяктуу күн сайын кайталанып туруптур: айдоочу кирет, бир бажычы акча алып чөнтөгүнө салат, андан кийин чек арачы да ошондой эле кылат», — деп айтып берди Садыр Жапаров.
Жолугушууда УКМКнын өкүлү кармалгандар камакта экенин тастыктады.
Президент 2020-жылдан бери Бажы жана Чек ара кызматынан контрабандага бөгөт коюуну талап кылып келе жатканын белгиледи. Бардык алынып келинген товарлар каттоого алынып, мыйзамда каралган төлөмдөр бюджетке түшүшү керек.
«Эгерде ар бир айыл контрабанда менен алектенсе, биз экономиканы кантип көтөрөбүз жана силер кайрылып жаткан маселелерди чечүүгө каражатты кайдан табабыз?» — деди Садыр Жапаров.
Эскерте кетсек, 9-октябрда президент Бажы жана Чек ара кызматынын жетекчилигин өзгөрткөн. Алмаз Салиев Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы кызматтан бошотулуп, анын ордуна Улан Кимсанов дайындалган. Абдикарим Алимбаевдин ордуна Чек ара кызматынын башчысы болуп Данияр Сатимов дайындалды. Бул кадрдык чечимдердин себептери расмий түрдө айтылган эмес.