Ноябрдын аягында № 1 тергөө абагы Ысык-Ата районуна көчүрүлөт
25-ноябрда ЖАМКтын № 21 жаңы тергөө абагы (СИЗО-1) пайдаланууга берилет. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.
Учурда № 1 тергөө абагы Бишкектин борборундагы Кулатов көчөсүндө жайгашкан, ал 1943-жылдан бери иштеп келген. Жаңы тергөө абагы Ысык-Ата районунун Төмөнкү-Норус (Нижний Норус) айылында ЖАМКтын мурдагы № 50 мекемесинин аймагында орун алган.
Комплекс заманбап курулуш ченемдерин, коопсуздук талаптарын, мекеменин функционалдык жана режимдик өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен курулганы белгиленүүдө. Объект 1 миң 500 орунга эсептелген, жалпы аянты 24 миң чарчы метрди түзөт.
Ошондой эле кызматкерлер үчүн 48 батирлүү эки корпустан турган кызматтык турак жай комплекси, спорт залы, ачык спорт аянтчасы жана унаа токтотуучу жай курулду.
ЖАМК тергөө изоляторун борбор калаанын сыртына көчүрүү 2022-жылдын 31-мартында бекитилген ЖАМКтын № 10, 21, 23 жана 25 мекемелерин көчүрүү боюнча жол картасынын алкагында ишке ашырылып жатканын эске салды.
Шаардын борборундагы бошогон тилке эмне болору азырынча белгисиз. Буга чейин Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев курулуш планын иштеп чыгуу жүрүп жатканын билдирген. Документ даярдалгандан кийин долбоор коомчулукка ачык талкууга коюлары убадаланган.