Манас шаарында жүк каттамдарын тейлей турган жаңы аэропорт курулат
Жалал-Абад облусунун Манас шаарында жүк авиакаттамдарын тейлей турган жаңы аэропорт курулат. Бул тууралуу «Кабар» маалымат агенттигине берген маегинде Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин директору Данияр Бостонов билдирди.

Анын айтымында, жаңы аэропорт авиациялык, темир жол жана автомобилдик жүк ташууларды бириктирген ири транспорттук-логистикалык түйүндүн бөлүгү болуп калат.
Жаңы аэропортту Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунун курулуп жаткан каттамынын жанында куруу чечилди. Мындай жайгашуу жүк логистикасын ыңгайлуураак жана натыйжалуу жүргүзүүгө шарт түзөт.
Данияр Бостонов ошондой эле Кыргызстан менен Кытайды байланыштырып жаткан авиакаттамдарды эске салып, эки өлкө тарабынан аныкталган каттам Кашгардан жүк авиакаттамдарын уюштурууда маанилүү экенин кошумчалады.
Аэропорт чакан жүк ташуучу учактарды да, Boeing 747 сыяктуу ири аба кемелерин да кабыл ала алат деп болжолдонууда.
Манастагы жаңы аэропортту транзиттик логистика үчүн да колдонуу пландалууда.