USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

«Кыялымдагы Кыргызстан» жаштар форуму өтөт

08:03, 26 октября 2026, Бишкек - 24.kg

2026-жылдын 5-ноябрында Бишкек шаарындагы Жаштык Аренада «Кыялымдагы Кыргызстан» жаштар форуму өтөт.Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Форумдун максаты — жаштардын өлкөнүн өнүгүүсүнө байланыштуу демилгелерин колдоо, алардын коомдук-саясий жана социалдык процесстерге катышуусун кеңейтүү, ошондой эле Кыргызстандын келечеги боюнча пикир алмашуу үчүн аянтча түзүү.

Иш-чарага активдүү жаштар, студенттер жана жаш лидерлер катышып, өлкөнүн өнүгүү багыттары боюнча өз ойлорун жана сунуштарын билдирүүгө мүмкүнчүлүк алышат.

Форумга катышуу үчүн каттоо жогорку окуу жайлары аркылуу жүргүзүлөт. Катышууну каалагандар өздөрүнүн окуу жайларына кайрылуусу зарыл экени айтылды.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18