Кыргызстандын туруктуу калкынын саны дээрлик 7,5 миллион адамды түздү
Кыргыз Республикасынын туруктуу калкынын саны 2026-жылдын тогуз айында 95,1 миң адамга (1,3 пайызга) көбөйүп, 1-октябрга карата 7 миллион 499,4 миң адамды түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин отчетунда айтылат.
Бишкек шаарынын калкынын саны 1 миллион 382,5 миң адамды, Ош шаарыныкы — 494,8 миң адамды түзөт.
Үстүбүздөгү жылдын январь — сентябрь айларында Жарандык абалдын актыларын каттоо бөлүмдөрүндө 107,2 миң ымыркай катталды, бул 2025-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 3 миңге көп.
Ушул эле убакыт аралыгында өлкөдө 24 миң адам каза болду. Натыйжада калктын табигый өсүшү 83,2 миң адамды түздү.
Табигый өсүштүн эң жогорку деңгээли Баткен, Ош, ошондой эле Жалал-Абад облустарында, ал эми эң төмөнкү деңгээли Бишкек шаарында белгиленди.
Отчетко ылайык, 2026-жылдын тогуз айында республика боюнча 31,1 миң нике кыйылып, 10,9 миң ажырашуу катталган.