Кыргызстандын бюджетинин кирешелери 2027-жылы 32,1 пайызга өсөт
Кыргызстандын республикалык бюджетинин кирешелери 2027-жылы 728 миллиард 295,6 миллион сом деңгээлинде болжолдонууда. Бул 2026-жылга бекитилген бюджеттен 177 миллиард 88,4 миллион сомго же 32,1 пайызга көп.
Эсептөөлөрдүн мындай көрсөткүчтөрү «Кыргыз Республикасынын 2027-жылга республикалык бюджети жана 2028–2029-жылдарга пландаштыруу мезгили жөнүндө» мыйзам долбоорунда каралган.
2027-жылы республикалык бюджеттин чыгашалары 695 миллиард 809,4 миллион сом өлчөмүндө пландаштырылууда, бул 2026-жылга бекитилген бюджеттен 145 миллиард 38,7 миллион сомго көп.
Ошентип, 2027-жылы бюджеттин профицити 32 миллиард 486,1 миллион сомду же ИДПнын 1,2 пайызын түзөт.
2028-жылы бюджеттин кирешелери 826 миллиард 969,1 миллион сом, чыгашалары — 781 миллиард 488,3 миллион сом, ал эми профицити — 45 миллиард 480,8 миллион сом деңгээлинде болжолдонууда.
2029-жылы кирешелер 884 миллиард 868,2 миллион сом өлчөмүндө, чыгашалар — 831 миллиард 320,2 миллион сом, ал эми профицит — 53 миллиард 548 миллион сом тартибинде пландаштырылууда.
Долбоорго ылайык, 2027-жылы чыгашалардын өсүшү негизинен эмгек акы фондунун, учурдагы гранттардын, социалдык төлөмдөрдүн жана мамлекеттик карызды тейлөөгө кеткен чыгымдардын көбөйүшү менен байланыштуу.
Бюджетте 2026-жылы чечим кабыл алынган бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлеринин айлык акысын жогорулатуунун толук жылдык натыйжасы эске алынган.