Кыргызстанда жер мунапысынын алкагында колдонулуп жаткан эки чектөөнү жоюу каралууда. Президенттин 2025-жылдын 15-декабрындагы № 364 Жарлыгына киргизилген өзгөртүүлөр жаңы документте камтылган.
Биринчи өзгөртүү мэриялардын жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын алдындагы жер мунапысы боюнча комиссиялардын ишине тиешелүү.
Иштеп жаткан жарлыкка ылайык, алардын жер тилкелеринин айрым категориялары боюнча иши 2026-жылдын 15-декабрына чейин токтотулган. Эми бул пунктту толугу менен алып салуу сунушталууда.
Экинчи өзгөртүү жер тилкелерин мунапысы объектилери катары таануу шарттарына тиешелүү.
Колдонулуп жаткан редакцияда тиешелүү жобого 2021-жылдын 1-декабрына чейин калыптанган иретсиз курулуш массивдеринде жайгашкан, ичинде бүтө электери да бар жеке турак үйлөрү бар жер тилкелери кирери каралган. Мында жарандардын арыздары 2025-жылдын 1-июлунан кечиктирилбей берилиши керек болчу.
Жаңы жарлык бул пунктчаны толугу менен алып салат.
Ошентип, президенттик жарлыктан комиссиялардын ишин токтотуу жөнүндөгү норма жана курулуш жүргүзүү дагы, арыз берүү мөөнөттөрү боюнча дагы жер мунапысынын объектилеринин чөйрөсүн чектеген өзүнчө жобо алынып салууда.
Бирок бул бардык жер тилкелерин автоматтык түрдө мыйзамдаштырууну билдирбейт. Менчик укуктарын тариздөө тартиби жер мунапысы жөнүндө мыйзамдар жана Министрлер кабинетинин токтомдору менен да жөнгө салынат.
Жарлык жети күндөн кийин күчүнө кирет.