Кыргызстанда жашоо минимуму үч айда болгону 17 сомго көбөйдү
2026-жылдын үчүнчү чейрегинде Кыргызстанда жан башына орточо жашоо минимуму 9 миң 890 сом 28 тыйынга чейин жогорулатылды. Биринчи жарым жылдыкка салыштырмалуу ал баары болуп 17 сомго гана көбөйдү. Бул тууралууУлуттук статистика комитетинин маалыматтарында айтылат.
Эскерте кетсек, экинчи чейректин жыйынтыгы боюнча жашоо минимуму айына 9 миң 873,28 сомду түзгөн.
Муну менен катар, расмий маалыматтарга караганда, жыл башынан бери азык-түлүк баасынын өсүшү 8,1 пайызга жетти.
Эң көп эмнеге сарпташат?
Чыгымдарды талдоо кыргызстандыктар бюджеттин кыйла бөлүгүн тамак-ашка сарптаарын көрсөтөт. Жашоо минимумундагы азык-түлүк куржуну 6 миң 428 сомду түзөт.
Анын ичинен:
- эт — 2 миң 353,8 сом;
- сүт азыктары — 1 миң 235,73 сом;
- мөмө-жемиштер жана жашылчалар — 1 миң 29,73 сом;
- нан азыктары — 811,23 сом.
Азык-түлүк эмес товарларга сарпталган чыгымдар 1 миң 582,44 сомду, кызмат көрсөтүүлөргө — 1 миң 681,35 сомду, милдеттүү салыктар жана жыйымдарга — 197,81 сомду түздү.
Курагына жана жынысына жараша минимум
Калктын ар кандай категориялары үчүн жашоо минимумунун өлчөмү айырмаланат.
Эмгекке жөндөмдүү калк үчүн көрсөткүч 11 миң 61,55 сомду түздү. Мында эмгекке жөндөмдүү курактагы эркектер үчүн — 11 миң 292,41 сом, ал эми аялдар үчүн — 10 миң 982,44 сом.
Пенсионерлер үчүн жашоо минимуму — болгону 8 миң 694,94 сом.
Балдар үчүн курагына жараша айырмаланат:
- жети жашка чейин — 8 миң 694,94 сом;
- 7ден 14 жашка чейин — 8 миң 424,51 сом;
- 14төн 17 жашка чейин — 7 миң 497,65 сом.
Кайсы региондо минимум жогору ?
Жашоо минимумунун эң жогорку өлчөмү Бишкек шаарында — 10 миң 226,61 сом жана Ош облусунда — 10 миң 110,23 сом деп катталды. Калган региондордо көрсөткүч төмөндөгүдөй болду:
- Жалал-Абад облусу — 10 миң 89,06 сом;
- Нарын облусу — 9 миң 905,26 сом;
- Ош шаары — 9 миң 596,61 сом;
- Баткен облусу — 9 миң 491,24 сом;
- Ысык-Көл облусу — 9 миң 183,34 сом;
- Чүй облусу — 9 миң 112,4 сом;
- Талас облусу — 8 миң 970,54 сом.