USD87.45EUR95.71RUB1.06
24.kg

Кыргызстанда 221 миңден ашык майыптыгы бар адам жашайт

14:39, 14 октября 2026, Бишкек - 24.kg

Кыргызстанда учурда 221 миңден ашык майыптыгы бар адам жашайт, анын ичинде 36 миңден ашыгы балдарболуп эсептелет. Алардын үлүшү өлкөнүн жалпы калкынын санынын болжол менен 3 пайызын түзөт. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин өкүлдөрү маалымат жыйынында билдиришти.

Социалдык жөлөкпул алуучулардын арасында эң чоң топту II топтогу майыптыгы бар адамдар түзөт — 29 миң 882 адам. Ошондой эле жөлөкпулдарды I топтогу 8 миң 631 адам жана III топтогу 15 миң 406 майыптыгы бар адам алууда.

Эмгек министрлигинин алдында Республикалык медико-социалдык экспертиза борбору жана жарандарды кароодон өткөрүүчү 27 аймактык медико-социалдык эксперттик комиссия иштейт.

Ведомстводон медико-социалдык экспертизанын жеткиликтүүлүгүн, ачык-айкындуулугун жана сапатын жогорулатуу артыкчылыктуу багыттардын бири бойдон кала берерин белгилешти.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18