Кыргызстандын Юстиция министрлиги жалпыга маалымдоо каражаттарынын жаңы реестрин түзүүнү аяктады. Ачык базага 2 миң 959 басылма тууралуу маалымат жайгаштырылды.
Ведомстводон билдиргендей, жаңы каттоо бардык колдонуучулар үчүн жеткиликтүү жана каттоодон өткөрүүгө документтерди тапшырганга чейин эле ЖМКнын конкреттүү аталышы катталган-катталбаганын текшерүүгө мүмкүндүк берет.
Ошол эле учурда Юстиция министрлиги жалпыга маалымдоо каражаттарын мамлекеттик каттоо тартибин жаңылады. Эми каттоо жөнүндө күбөлүк электрондук форматта берилет жана аны министрликтин сайтынан көчүрүп алууга болот.
Жаңы эрежелерге ылайык, ЖМКны кайра каттоо уюштуруучусу же аталышы өзгөргөн учурда гана талап кылынат. Башка маалыматтар өзгөргөндө 30 календардык күндүн ичинде Юстиция министрлигине кабарлоо зарыл.
Ошондой эле кызмат көрсөтүү мөөнөттөрү кыскартылды. Реестрге маалыматтарды киргизүү эми жети жумушчу күндүн ордуна үч жумушчу күндү алат. Реестрден көчүрмө жети жумушчу күндүн ичинде берилет.
Жаңы реестр Министрлер кабинетинин 2026-жылдын 10-апрелиндеги № 241 токтомун ишке ашыруунун алкагында түзүлдү. Ал токтом менен ЖМКларды мамлекеттик каттоо жана кайра каттоо, ошондой эле каттоодон баш тартуу тартиби жөнүндө жобо бекитилген.
Реестрге жана каттоонун жаңыланган эрежелерине шилтемелер Юстиция министрлигинин расмий Telegram-каналында жарыяланды.