Кыргызстан жана Казакстандын коргоо министрлери аскер кызматташтыкты талкуулашты
Кыргыз Республикасынын Коргоо министри, генерал-майор Руслан Мукамбетов менен Казакстан Республикасынын Коргоо министри, генерал-майор Айдос Мырзахметовдун эки тараптуу жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Коргоо министри, генерал-майор Руслан Мукамбетов кесиптешин жооптуу жогорку кызматка дайындалышы менен куттуктап, ишине мындан аркы ийгиликтерди каалады.
Министр кыргыз-казак аскердик кызматташтыгын мындан ары чыңдоонун, аскер кадрларын даярдоо жаатындагы өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүнүн жана биргелешкен иш-чараларды ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгиледи.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар 2027–2028-жылдарга карата аскердик кызматташтыкты өнүктүрүү планын бекитишти.