ЕАБР Борбор Азиянын авиациялык инфраструктурасына кеткен инвестицияларды айтты
Борбордук Азия өлкөлөрүндө авиациялык инфраструктурасынынкөлөмү жана аэропортторду өнүктүрүүгө жумшалган инвестициялар өсүүдө. Бул тууралуу Евразия өнүктүрүү банкы билдирет.
ЕАБР жаңы форматты — аналитикалык брифтерди ишке киргизип жатканы белгиленет. Ар бир чыгарылыш Евразия чөлкөмүнүн экономикасындагы же тармагындагы актуалдуу теманы практикалык жактан талдоого арналган.
Биринчи бриф — Борбордук Азиянын авиациялык инфраструктурасына инвестиция тартуу жөнүндө.
Маалым болгондой, Борбордук Азиянын авиатранспорт секторуна топтолгон түз чет элдик инвестициялардын көлөмү 1,4 миллиард долларды түзөт. Ишке ашырылып жаткан же 2035-жылга чейин пландаштырылган 5,1 миллиард долларга бааланган аэропортторду өнүктүрүүнүн дагы 12 ири долбоору бар.
Акыркы 10 жылда Кыргызстандын ар бир тургунуна туура келген жүргүнчү-километрдин саны 3,7 эсеге өстү.
Эксперттер белгилегендей, инвестициялардын өсүшү жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү авиация аркылуу ташуу рыногунун динамикалуу өнүгүшү, учуулардын интенсивдүүлүгүнүн, авиакомпаниялардын санынын жогорулашы жана аба кемелеринин паркынын кеңейиши менен коштолууда.
2025-жылы чөлкөмдүн беш өлкөсүнүн авиакомпаниялары 31,7 миллион жүргүнчү ташышкан. Бул пандемияга чейинки деңгээлден дээрлик эки эсе жогору.
Эл көп уча баштады. Акыркы 10 жылда Казакстандын ар бир тургунуна туура келген жүргүнчү-километрдин саны 2,4 эсеге өстү.
Өзбекстан менен Кыргызстанда өсүш андан да олуттуу болду — тиешелүүлүгүнө жараша 3,4 жана 3,7 эсе.
2015–2025-жылдары аймактагы аба кемелеринин паркын ташуу жөндөмдүүлүгү жылына орто эсеп менен 7,7 пайызга өскөн, бул дүйнөлүк рынокко караганда дээрлик үч эсе тез.
Жүк ташуунун көлөмү 2023–2025-жылдары төрт эседен ашык өсүп, 335,7 миң тоннага жетти.