Чыңгыз Айтматовдун эстелигинин эскизине сынак 29-ноябрга чейин узартылды
Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун айкелинин жана анын чыгармаларынын негизиндеги скульптуралык композициянын эскиздик долбооруна жарыяланган ачык сынактын мөөнөтү узартылды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Сынактын максаты — жазуучунун инсандыгын, чыгармачылык мурасын жана чыгармаларындагы жалпы адамзаттык баалуулуктарды чагылдырган мыкты монументалдык-скульптуралык чечимди тандоо.
Сынакка Кыргызстандын кесипкөй скульпторлору, архитекторлору жана чыгармачыл жамааттары катыша алышат. Жеңүүчү долбоор Беларусь Республикасынын Минск шаарындагы Чыңгыз Айтматов атындагы сейил бакка орнотуу үчүн сунушталат.
Документтерди кабыл алуу мөөнөтү 2026-жылдын 29-ноябрына чейин узартылды.
Катышуучулар арыз, эскиздик долбоор, түшүндүрмө кат жана автор тууралуу маалымат тапшырышы керек.

Документтерди кабыл алуу дареги:
720000, Бишкек шаары, Чүй проспектиси, 112, Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейинин имараты.
Байланыш телефону: 0707 71 05 71.
Байге фонду:
I орун — 200 000 сом;
II орун — 150 000 сом;
III орун — 100 000 сом.
Долбоорлор идеялык-мазмундук деңгээли, көркөмдүк сапаты, оригиналдуулугу, Минск шаарындагы Чыңгыз Айтматов атындагы сейил бактын мейкиндигине шайкештиги жана ишке ашыруу мүмкүнчүлүгү боюнча бааланат.