Бишкек — Ош унаа жолуна бир эле учурда беш жерден сел түштү
Бишкек — Ош автожолуна бир эле учурда беш жерден сел түштү. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.
Сел агымдары трассанын 428-чакырымынан 441-чакырымына чейинки тилкелеринде катталды.
Учурда жолдун бир тарабы тазаланып, унаалардын кыймылы камсыз кылынды. Экинчи тарабын тазалоо иштери улантылууда.
Жеринде № 38 жол-эксплуатациялык ишканасынын кызматкерлери жана атайын техника иштеп жатат.
Транспорт министрлигинен жолду толугу менен ачуу жана коопсуз кыймылды камсыз кылуу иштери улантылып жатканын кабарлашты.