Бишкек көрүстөндөрүнөн орун алуу: Алгачкы келишимдер түзүлдү
Бишкектин көрүстөндөрүнөн төрт адам орун алышты. Бул тууралуу 24.kg агенттигине «Бишкек сөөк коюу кызматы агенттиги» муниципалдык ишканасынан билдиришти.
Бул кызмат жубайлар үчүн гана жеткиликтүү экенин белгилейбиз.
Орун алуу (бронь кылуу) үчүн никеге туруу тууралуу күбөлүктү, жубайлардын биринин каза болгондугу тууралуу күбөлүктү жана паспортторду көрсөтүү зарыл.
Ээлөөнүн расмий мүмкүнчүлүгү Бишкек шаардык кеңеши «Шаардын муниципалдык көрүстөндөрүндө сөөк коюлуучу орундарды ээлөө боюнча кошумча кызматтардын коэффициентин бекитүү жөнүндө» токтомду кабыл алгандан кийин пайда болду.
Орунду ээлөө он жылдык мөөнөткө 150,6 миң сомду түзөт. Бул суммага орунду күтүү, тазалоо, сугаруу жана башка кызматтар да кирет.
Орун бир жылдан, эки жылдан кийин же андан кечирээк керек болоруна карабастан, төлөмдү 10 жылдык мөөнөт үчүн толук төлөө керек. Бул мөөнөт аяктагандан кийин аны узартуу мүмкүнчүлүгү бар.