Баткен шаарында Мамлекеттик ипотекалык компания (МИК) жалпысынан 4 миңден ашык батирге эсептелген үч көп кабаттуу турак үйдүн курулушун жүргүзүүдө. Компания өкүлдөрү болочоктогу тургундардын суу менен камсыздоо, канализация жана электр энергиясы боюнча негизги суроолоруна жооп беришти.
МИКтин өкүлү Акылбек Орозов билдиргендей, аянты 4 гектарга жакын тилкеде кубаттуулугу күнүнө 8 миң кубометр болгон саркынды сууларды тазалоочу курулмалар курулууда.
Үйлөрдү ичүүчү суу менен камсыз кылуу үчүн 2 гектар аянтта көлөмү 12 миң кубометрлик резервуар курулуп жатат. Анын жанында төрт бургулоочу скважина казылууда. Бул объекттерди жакынкы аралыкта пайдаланууга берүү пландалууда.
Мындан тышкары, электр энергиясы менен камсыздоо үчүн кубаттуулугу 35 мегаватт болгон көмөк чордонун курулушу каралган. Долбоордун баасы 228 миллион сомду түзөт.
МИКтин маалыматы боюнча, Баткенде компания аркылуу турак үй алуу үчүн кезекте 3,5 миңге жакын адам турат. Курулуштун аякташы жакындаган сайын кайрылгандардын саны өсүүдө.
Президент Садыр Жапаровдун маалыматына караганда, Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу өлкө боюнча 9 миң 371 батир пайдаланууга берилген. Учурда МИК Кыргызстандын аймактарында жана Бишкектеги 65 объектте 83 миңден ашык батирдин курулушун жүргүзүүдө.