USD87.45EUR95.71RUB1.06
24.kg

«АБанк» жашыл технологияларды каржылайт

12:51, 21 октября 2026, Бишкек - 24.kg
Instagram post - 460 (2).png

«АБанк»  бизнести туруктуу өнүктүрүүгө, экологиялык чечимдерди киргизүүгө жана айлана-чөйрөнү коргоого салым кошууга умтулган ишкерлер үчүн «Чакан жана орто бизнес ээлери үчүн жашыл технологияларды каржылоо» кредитин сунуштайт.

Кредиттик программа жашыл экономика жана туруктуу өнүгүү багытында долбоорлорду ишке ашырган микро, чакан жана орто ишканаларга, ошондой эле жеке ишкерлерге арналган. Программанын алкагында аялдардын ишкердигин колдоого, тең мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө жана бизнестин туруктуу өсүшү үчүн шарттарды түзүүгө өзгөчө көңүл бурулат.

Кредиттик каражаттарды кайра жаралуучу энергия булактарын өнүктүрүүгө, энергиянын натыйжалуулугун жогорулатууга, экологиялык таза имараттарды курууга, суу ресурстарын сарамжалдуу пайдаланууга, калдыктарды башкарууга, айлана-чөйрөнүн булганышын алдын алууга, туруктуу айыл чарбасын өнүктүрүүгө, экотуризмге жана экологиялык таза транспортту киргизүүгө багытталган долбоорлорго жумшоого болот.

Кредиттин шарттары:

  • Кредиттин суммасы: микроишканалар үчүн 3 миллион сомго чейин, чакан ишканалар үчүн 8 миллион сомго чейин жана орто ишканалар үчүн 50 миллион сомго чейин.
  • Пайыздык чен: кыргыз сомунда жылдык 8 пайыз. Натыйжалуу пайыздык чен - жылдык 8,47 пайыздан баштап.
  • Кредиттөө мөөнөтү: жүгүртүү каражаттарын толуктоого 36 айга чейин, инвестициялык максаттарга 60 айга чейин.
  • Жеңилдетилген мезгил: зарыл болгон учурда негизги карызды төлөө боюнча 3 айга чейин жеңилдетилген мезгил каралышы мүмкүн. Эсептелген пайыздарды төлөө боюнча жеңилдетилген мезгил каралган эмес.
  • Каржылоо программанын белгиленген экологиялык жана социалдык талаптары сакталган шартта берилет.

«АБанк» ишкердикти өнүктүрүүгө, заманбап экологиялык чечимдерди киргизүүгө жана Кыргызстандын туруктуу экономикасын калыптандырууга багытталган демилгелерди колдоо менен ишкерлер үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүнү улантууда.

Кредиттин шарттары тууралуу кеңири маалыматты «АБанк» тын жакынкы филиалынан же сайтынан алсаңыз болот.

Улуттук банктын лицензиясы № 048.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18