USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

ibilim.kg сайтын ишке киргиүү үчүн 190 миң доллар коротулган. Портал иштеген жок

10:09, 29 октября 2018, Бишкек - 24.kg

ibilim.kg сайтын ишке киргиүү үчүн 190 миң доллар коротулду. Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришкендей, порталда математика, кыргыз тили, орус тили, англис тили, көркөм искусство, музыка жана табият таануу боюнча маалыматтар сакталган. Бирок сайт учурда иштебей жатат деп 24.kg агенттигине окурмандар билдиришти.

Министрликтен аталган сайт сентябрдан тарта иштейт деп убада кылышкан. Учурда мультимедиялык ресурстарда техникалык кыйынчылыктар жаралып, бир жума аралыгында маселе чечилет деп билдиришти.

Эске салсак, долбоор Бүткүл дүйнөлүк банктын колдоосу менен ишке ашкан. Эл аралык каржы институту тендер өткөрүп, аталган порталды түзүү үчүн 190 миң доллар короткон компанияны тандап алган. 

 

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18