USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Муфтият: баңгизат менен кармалган адам имам эмес

08:34, 29 октября 2018, Бишкек - 24.kg

Кыргызстан мусулмандарынын диний башкармалыгы «Өзгөндө баңгизат менен кармалган адам айылдык имам болчу» деген маалыматты төгүнгө чыгарды. Бул тууралуу «Азаттыкка» муфтияттын маалымат катчысы Максат Атабаев билдирди.

Анын айтымында, кармалган адам эч качан имам болуп иштеген эмес жана райондук казыят менен эч кандай байланышы жок.

«Биз Өзгөн райондук хатибиятынан жана башка бардык түзүмдөрдөн тактадык. Баңгизатты алып жүргөн деп кармалган адам эч качан имам болуп иштеген эмес», — деди Максат Атабаев.

Буга чейин Ош облустук милициясы Өзгөндүн Жылалды айылында имам баңгизат менен кармалганын жарыялаган. Анда милиция айылдын 37 жаштагы тургунунун жанынан 37,6 грамм марихуана табылганын кабарлаган.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18