USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Кыргызстанда жыл башынан бери уюшкан кылмыштуу топтун 181 мүчөсү кармалды

10:41, 24 октября 2018, Бишкек - 24.kg
Кыргызстанда жыл башынан бери уюшкан кылмыштуу топтун 181 мүчөсү кармалды. Бул тууралуу маалымат жыйында ИИМ башчысы Кашкар Жунушалиев билдирди.
 
Айтымында, жыл башынан бери 22 миң 948 кылмыш катталды. Анын 15 миң 294үнүн бети ачылды.
 
Ички иштер органдары тарабынан 18 миң 503 кылмыш иши козголуп, алардын 12 миң 712си сотко өткөрүлүп берилди. Бул убакыт аралыгында 1 миң 538 кылмышкер кармалган, алардын ичинен 181и уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү.
 
 

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18