USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Осмонбек Артыкбаевдин ден соолугу начарлап, ага тез жардам чакырылды

10:36, 23 октября 2018, Бишкек - 24.kg

УКМКнын тергөө абагында жаткан депутат Осмонбек Артыкбаевдин ден соолугу начарлап, ага тез жардам чакырылды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине анын туугандары билдиришти. Бул маалыматты УКМК тастыктады.

Маалыматка ылайык, Осмонбек Артыкбаев кечээ өзүн жаман сезип, ден соолугуна арызданган. Ага алгачкы жардам көрсөтүлгөн. Бирок, анын абалы өзгөрүлбөгөндүктөн тез жардам чакырышкан. УКМКдан маалымдашкандай, депутаттын ден соолугу турукташты. Азыр ал өзүн канааттандыраарлык сезип жатат.

Эске салсак, депутатка карата жемкорлук айыбы тагылган.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18