USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Кыргызстан Өзбекстанга 400 миллион киловатт-саат электр энергиясын экспорттоду

17:55, 22 октября 2018, Бишкек - 24.kg
Үстүбүздөгү жылы Кыргызстан Өзбекстанга 400 миллион киловатт-саат электр энергиясын экспорттогон. Бул тууралуу күзгү-кышкы мезгилге карата даярдык боюнча республикалык штабдын отурумунда маалым болду.
 
Билдирүүгө ылайык, экспорттолгон электр энергиясынын жалпы баасы 16,5 миллион сомду түздү. Өндүрүш жана энергетика министрлигинин маалыматына таянсак, план боюнча 500 миллион киловатт-саат экспорттолушу керек болчу.
 
Былтыр коңшу мамлекетке 18 миллион сомго электр энергиясы экспорттолгон.
 
 

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18