USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Жыл башынан бери 96 миң 765 жаран салыкты электрондук түрдө төлөшкөн

09:50, 19 октября 2018, Бишкек - 24.kg

Жыл башынан бери 96 миң 765 жаран салыкты электрондук түрдө төлөшкөн. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, электрондук түрдө салык төлөгөндөрдүн саны 1,7 эсеге өскөн. Тактап айтканда, 56 миң 926 кишиге көп төлөгөн. Ал эми электрондук кол коюуну пайдаланбай отчет берүү кызматына 92 миң 665 салык төлөөчү кошулган.

Электрондук кол коюуну пайдаланбай отчет берүү кызматы жарандардын убактысын үнөмдөйт.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18