USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Ысык-Көлдө тыюу салынган диний адабияттарды сактоо боюнча 41 факт аныкталды

14:14, 18 октября 2018, Бишкек - 24.kg

Акыркы 9 ай аралыгында Ысык-Көл облусунда тыюу салынган диний адабияттарды сактоо боюнча 41 факт аныкталды. Бул тууралуу ОИИББнын диний экстремизм, мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшү кызматтынын башчысы Арсен Самаев билдирди.

Айтымында, аталган облуста 200 дөй тургун мыйзам тыюу салган диндерди тутунгандыгы үчүн каттоого алынган.

«Облуста диний абал туруктуу. Экстремисттик динди туткан жарандар каттоого алынган, алардын балдары менен тыгыз иш алып барабыз. Облуста 12 бала түшүндүрүү иштеринен кийин мектепке барып баштады», -деди ал.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18