USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Бишкек мэриясынын мурунку аткаминери сотто өзүн жаман сезип, тез жардам чакыртты

10:30, 18 октября 2018, Бишкек - 24.kg

Кечээ Бишкек мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгынын мурунку жетекчиси Сталбек Өмүркановдун сотто баш коргоо чарасы каралган. Соттук отурумда ал өзүн жаман сезген деп билдиришти Биринчи Май райондук сотунан.

Маалыматка караганда, соттолуучунун жайтоочулары тез жардам чакырышкан. Текшерүү маалында Сталбек Өмүркановдун кан басымы 240ка жеткени аныкталды. Дарыгерлер аны тез арада ооруканага жаткырылышын сунушташты. Болбосо инсульт алышы мүмкүн дешүүдө.

Судья Айбек Эрнис уулу Сталбек Өмүркановду ооруканага алып кеткенине карабай, баш коргоо чарасын карап чыгып, 2 айга камакта калтыруу чечимин чыгарды. Эске салсак, Сталбек Өмүркановго жемкорлук айыбы тагылууда.

 

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18