USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Кыргызстанда күйүүчү майга болгон баалар төмөндөшү мүмкүн

10:07, 18 октября 2018, Бишкек - 24.kg

Өнөр жай, энергетика жана тоо-кен байлыктарын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басары Алымбек Орозбеков 24.kg агенттигине Казакстан менен Кыргызстанга күйүүчү-майлоочу май алып келүү тууралуу сүйлөшүүлөр кандай жүрүп жатканын айтып берди.

Макулдашуулардын айрым бөлүктөрү иштелип жатат. «Казакстан болгону бензин жеткирип берет, дизель жана реактивдүү май алардын өзүндө жетишсиз», -деди Алымбек Орозбеков.

Азырынча аткаминерлер күйүүчү-майлоочу май качан алынып келинээрин айта алышпайт. Казакстанда макулдашуу ратификацияланышы керек. Маалыматка таянсак, күйүүчү майга болгон баалар төмөндөшү мүмкүн.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18