USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Чылым чегүүнү чектеген мыйзам долбоору даярдалууда

08:44, 17 октября 2018, Бишкек - 24.kg

Бишкекте тамекинин ден соолукка зыяны тууралуу маселени талкуулаган жыйын өтүп жатат. Анда маалым болгондой, учурда Жогорку Кеңеште чылым чегүүнү тыюу боюнча мыйзамга толуктоолорду киргизүү жөнүндө сунуш каралууда.

Мыйзам долбоорунун автору, КСДП фракциясынын депутаты Айнуру Алтыбаеванын айтымында, насыбайды, электрондук чылымды жана кальянды тыюу жагы каралууда. Ошону менен катар балдар ойногон ачык жана жабылуу аянтчаларда, коомдук транспортто, эс алуучу жайларда, суу жээктеринде, маданий иш-чаралар өткөрүлүүчү, эл көп чогулуучу жерлерде тамекиге толук тыюу салуу сунушталып жатат.

Адистер Кыргызстанда жугуштуу эмес оорулар жалпы адам өлүмүнүн 40 пайыздан ашуунуна себеп болуп жатканын белгилешет.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18