USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Ак үйдүн алдында экс-депутат Өмүрбек Текебаевди колдогон митинг өтүүдө

15:30, 16 октября 2018, Бишкек - 24.kg

Ак үйдүн имаратынын алдында экс-депутат Өмүрбек Текебаевди колдоп тургундар митингге чыгышты. Алар экс-депутаттын эркиндикке чыгарылышын талап кылышууда.

Нааразычылык билдиргендердин бири Бакыт Байдылдаев, 24.kg агенттигине митингге чыккандар кандайдыр бир партиянын өкүлү эмес экендигин билдирди. Алар өз ыктыяры менен келишкен.

«Биз аны качан чыгарат деп көпкө күттүк. Мекенчил киши түрмөдө отурбаш керек. Жаштар аны колдоп келдик. Ага эркиндик бериш керек, эгерде Текебаев абакта отурса чындык дагы абакта камалгандай сезилет», -деди ал.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18