USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Чек арачылар 27 миллион сомдук контрабандалык буюмдарды аныкташты

12:16, 16 октября 2018, Бишкек - 24.kg

Кыргызстанда чек арачылар жыл башынан бери 27 миллион сомдук контрабандалык буюмдарды аныкташты. Бул тууралуу маалымат жыйында Чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев билдирди.

Айтымында, мамлекеттик чек арадагы абал салыштырмалуу туруктуу.

«Чек арачылар чек ара эрежелерин бузган 149 кишини кармады. Издөө иш-чарасынын натыйжасында 17 даана ок атуучу курал, 178 курал-жарак табылды», -деди Уларбек Шаршеев.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18