USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Ассол Молдокматова менен Александр Воиновдун уулу үйлөндү

08:53, 12 октября 2018, Бишкек - 24.kg

Алып баруучу Ассол Молдокматова менен «Гермес профи» клубунун башчысы Александр Воиновдун уулу Жан үйлөндү. Ал буга чейин модель Зарина Алмасовнанын колун сураган.

Экөөнүн үлпөт тою «Фрунзе» ресторанында өттү. Ага учурда Түркияда дарыланып жаткан апасы Ассол Молдокматова дагы катышты. Белгилей кетсек, Ассол Молдокматова бир нече жылдан бери рак оорусу менен күрөшүп келе жатканын жакында көпчүлүккө жарыялап, коомчулук белгилүү алып баруучунын дарылануусуна акча топтоодо.

Тойдо бир топ белгилүү инсандар менен бирге экс-президент Роза Отунбаева дагы конок болду. 

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18