Америкада жол кырсыгына кабылган кыргызстандык оор абалда
16:28, 08 октября 2018, Бишкек - 24.kg
«Ал ар кандай жаракат алган. Азыр эки операция жасалды. Ай ичинде дагы бир нече операция талап кылынат», — деп жазат АКШдагы кыргыздар.

Америкада жашаган мекендештер Алмаз Муминовго акча топтоп башташты. Ал 1976-жылы туулган, үч баланын атасы.