USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Бишкектеги мектептердин жарымында ысык тамак жасоого шарты жок

14:22, 08 октября 2018, Бишкек - 24.kg

Бишкектеги мектептердин жарымында ысык тамак жасоого шарты жок. Бул тууралуу мамлекеттик санитардык жана эпидемиологиялык көзөмөл борборунун башкы даарыгери Артур Буюклянов билдирди.

Анын айтымында, Бишкек шаарындагы 96 мектептин 49 ашканасы тамак даярдоого ылайыкташкан эмес.

«Буфеттерде өндүрүш бөлүмү, кампалары, идиш-жуучу жайлары жок. Аны менен ысык тамак даярдоо талаптары бузулган», — дейт ал.

Андан тышкары, мектептер балдарды биринчи танаписте эле тамактандыра башташат. Жобо боюнча үчүнчү танаписте окуучулар тамактанууга барышы керек.

Белгилей кетсек, ар бир окуучунун тамагына 14 сом бөлүнөт.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18