USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

УКМК: Сапар Исаковдун мүлкүн баалоо тууралуу маселе көтөрүлгөн жок

14:05, 05 октября 2018, Бишкек - 24.kg

Мурунку премьер-министр Сапар Исаковдун мүлкүн баалоо тууралуу маселе көтөрүлгөн жок. Бул тууралуу 24.kg агенттигине УКМКдан билдиришти.

Маалым болгондой, ведомство жактоочу Нурбек Токтакуновдун маалыматын четке какты. Ал буга чейин мурунку премьер-министрдин жакындарынын мүлкү камакка алынышы мүмкүн деген маалыматты жазып чыккан.

«Учурда тергөө жүрүп жатат. Жактоочунун берген маалыматы чындыкка коошпойт», -деп билдиришти УКМКдан.

Эске салсак, Сапар Исаковго Бишкек ЖЭБдеги кырсыктын алкагында жемкорлук айыбы тагылган.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18