USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Президент:Аткаминерлер мамлекеттик кызматкер деген жогорку наамга татыктуу болсо

11:09, 04 октября 2018, Бишкек - 24.kg

Президент Сооронбай Жээнбеков депутаттарды, өкмөт мүчөлөрүн жана аткаминерлерди мамлекеттик кызматкер деген жогорку наамга татыктуу болууга чакырды. Бул тууралуу мамлекет башчы Жогорку Кеңештин отурумунда өкмөттүн жаңы мүчөлөрү ант бергенден кийин айтты.

Биз баарыбыз элдин адамдарыбыз, биздин иш аракетибизди коомчулук менен эл баалап турат. Ар бир кыймылыбыз элдин элегинен өтөт.

Сооронбай Жээнбеков

«Акыркы убакта коомдо жогорку даражалуу кызмат адамдарына карата көп сындар айтылууда. Биз өзүбүздү татыктуу алып жүргөндө гана коомдо оң мамиле түзүлөт. Бүгүн ант бергендер, антты сактагыла», -деди президент.

 

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18