USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Өз убагында төлөм жүргүзбөгөн 13 миң 211 кардардын электр жарыгы өчүрүлөт

11:42, 03 октября 2018, Бишкек - 24.kg

«Түндүкэлектр» ААКсы электр жарыгы үчүн карызы бар жарандарды төлөөгө чакырат. Бул тууралуу компаниянын басма сөз кызматы билдирди.

Эртең аталган компания өз убагында төлөм жүргүзбөгөн 13 миң 211 кардардын электр жарыгын өчүрөт. Алардын жалпы суммасы 8 миллион сомго жетип кеткен.

Маалыматка ылайык, акылдуу эсептегичтер аркылуу алыскы аралыкта туруп эле карызы барлардын светин өчүрүп, төлөм жүргүзгөндөн кийин кайра күйгүзгөнгө болот.

.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18