USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Чолпон-Атада милиция муунтуп өлтүрүлгөн 9 жаштагы баланын сөөгүн тапты

14:23, 02 октября 2018, Бишкек - 24.kg
Чолпон-Атада милиция муунтуп өлтүрүлгөн 9 жаштагы баланын сөөгүн тапты. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Ысык-Көл ОИИБдан билдиришти.
 
Маалыматка караганда, 1-октябрда баланын ата-энеси милицияга арыз менен кайрылган. Алар аутизм менен жабыркаган уулу жоголуп кеткенин айтышкан.
 

«Милиция баланы издеп жатканда, жергиликтүү тургундар көлдүн жээгинде баланын жансыз денеси жатат деп билдиришкен. Окуя болгон жерге тартип сакчылары барып, баланын муунтуп өлтүрүлгөнүн аныкташты. Тестиердин мойнунда мүшөк оролуп калган. Аталган факт боюнча териштирүү башталды», — деп билдиришти ОИИБдан.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18