USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Аткезчилик жол менен ташылып келген тоок эти аныкталды

08:54, 01 октября 2018, Бишкек - 24.kg

УКМКнын Баткен облусундагы башкармалыгы менен бажы кызматы аткезчилик жол аркылуу алынып келинген тоок этти аныкташты. Бул тууралуу бажы кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Баткен облусунун аймагында кыргыз-тажик чек арасын мыйзамсыз жол аркылуу кесип өткөн оор жүк ташуучу унаа токтотулган.Текшерүү маалында жалпы салмагы 20 тонналык тоок эти табылган. Мыйзамсыз жол аркылуу алынып келинген товардын болжолдуу баасы 4 миллион 800 миң сомду түздү.

Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18