USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Ошко 3018. Шаар туулган күнүнө карата майрамдык салтанат өткөрөт

11:33, 28 сентября 2018, Бишкек - 24.kg

Быйыл Ош шаарынын 3018-жылдыгы белгиленет. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирет.

4-октябрда Ош МУнун залында «Байыркы Ош шаарындагы маданияттар баарлашуусу» симпозиуму болот.

5-октябрь күнү Эл аралык жаштар Форуму, Ош шаарынын окуучуларынын аянтка тарткан сүрөт көргөзмөсү, «Сулайман-Тоо- тынчтыктын жана ынтымактын символу» аттуу фестивалы, «Ош-ооматтуу ордо калаа!» аттуу майрамдык жарманкеси, «Билим жана чыгармачылык жарманкеси» , клубдар арасында волейбол мелдеши жана улуттук спорттук оюндар өткөрүлөт.

Ал эми кечинде шаардын борбордук стадионунда Ош шаарынын күнүнө арналган белгилүү эстрада жана фольклор ырчыларынын, бийчилердин катышуусунда майрамдык гала концерт болот.

Ош 5-октябрда шаар күнүн белгилеп келет.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18