USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Күрөштүн түрлөрү боюнча 2019-жылкы дүйнө чемпионаты Астанада өтөт

16:06, 25 сентября 2018, Бишкек - 24.kg

Күрөштүн түрлөрү боюнча 2019-жылкы дүйнө чемпионаты Астанада өтөт. Бул тууралуу Грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшүнүн эл аралык федерациясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, мелдештер 14-сентябрдан 22-сентябрга чейин Астанадагы спорттук комплексте өтөт.

«Астана биздин спортчулар, машыктыруучулар жана күйөрмандар үчүн мыкты иш-чара өткөрүп берээрине ишенем», — деп билдирди UWW президенти Ненад Лалович.

«Спорттук күрөш боюнча дүйнө биринчилиги ири окуя болуп эсептелет. Ал Казакстанда жана аймакта күрөштүн бул түрүнүн популярдуулугун арттырууга түрткү болот», — деди Казакстандын грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча федерациясынын президенти Сауат Мынбаев.

2019-жылкы дүйнө чемпионаты 2020-жылы Токиодо өтө турган Олимп оюндарына тандан алуунун биринчи баскычы болуп эсептелет.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18