USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Кыргызстандын Украинадагы элчиси Молдовадагы элчилик милдетти айкалыштырат

15:13, 25 сентября 2018, Бишкек - 24.kg

Жогорку Кеӊештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук Кыргызстандын Украинадагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Жусупбек Шариповго Молдовадагы элчилик милдетти айкалыштырып аткарууга макулдук берди. Мындай чечим бир добуштан кабыл алынды.

Белгилей кетсек, Жусупбек Шарипов Кыргызстандын Украинадагы элчилигине 2017-жылдын 16-ноябрында дайындалган.

Буга чейин ал Кыргызстандын Сауд Арабиясында, Кувейтте, Египет жана Катардагы элчиси болуп иштеген. 

 

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18