USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Ош шаарында улгайгандардын күнүнө карата бир айлык жарыяланды

10:00, 25 сентября 2018, Бишкек - 24.kg

1-октябрь Карылар күнүнө карата Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашовдун буйругуна ылайык, «Каарыларга көңүл буралы жана кам көрөлү» аттуу бир айлык акция жарыяланды. Бул тууралуу каала мэриясы маалымдайт.

Бир айда мэрия шаардагы ишканаларды, уюмдарды жардамга муктаж, мүмкүнчүлүгү чектелген карылардан, жалгыз бой ата, апалардан кабар алып, жакындан жардам көрсөтүүгө чакырат.

Мындан тышкары, шаардагы мекеме-ишканаларда көп жыл бою үзгүрлүү эмгектенген кадырлуу ардагерлер үчүн сый көрсөтүү аземдери уюштурулуп, «Өмүрү өрнөк инсандар» аталышындагы жаштардын, активисттердин ардагерлер менен жолугушуу кечелери өтөт. 

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18