USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Акыркы 8 ай аралыгында Кыргызстандан 280 чет өлкөлүк жаран депортацияланды

14:56, 20 сентября 2018, Бишкек - 24.kg

Акыркы 8 ай аралыгында Кыргызстандан 280 чет өлкөлүк жаран депортацияланды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин отурумунда ИИМдин башчысынын орун басары Курсан Асанов билдирди.

Айтымында, депортациялангандардын басымдуу бөлүгү Кытай, Азербайжан, Өзбекстан, Пакистан жана Грузиянын жарандары. Мындан тышкары мыйзамсыз миграция уюштуруу боюнча 112 факт катталган. Анын 21ине кылмыш иши козголду.

Кыргызстандын түрмөсүндө 373 чет өлкөлүк жаран жаза өтөөдө.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18