USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Орусия калкынын саны жарым жылда дээрлик 100 миң кишиге кыскарды

08:35, 20 сентября 2018, Бишкек - 24.kg

Орусия калкынын саны 2018-жылдын январь-июль айларында 91 миң 900 кишиге кыскарган. Бул тууралуу Росстаттын «Орусиянын социалдык-экономикалык абалы жөнүндө» журналында айтылат.

Ошол эле маалда миграциялык өсүштү эске албаганда, калктын саны 170 миң 500 кишиге азайган.

Мындан тышкары 2018-жылдын жети айында төрөт көрсөткүчтөрү начарлап кеткен.

Орусия Статистика кызматы экинчи жарым жылдыкта да ушундай динамика сакталса, Орусия үчүн 2018 соңку тогуз жылдан бери биринчи жолу калктын саны кемиген жыл болуп каларын белгилейт.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18