USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Караколдо көчөнү калыбына келтирүү үчүн 135 бак-дарак кыюу пландалууда

08:59, 19 сентября 2018, Бишкек - 24.kg

Ысык-Көл өнүктүрүү фонду башкармалыгы боюнча дирекция Каракол шаарындагы Кыдыр-Аке көчөсүн калыбына келтирүүнү пландап жатат. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар порталы жазып чыкты.

Оңдоо иштери Күчүков көчөсүнөн май куюучу жайга чейин жүргүзүлөт. Бир жарым чакырым жолду оңдоо үчүн 108,5 миллион сом каралды.

Долбоор боюнча 135 бак-дарак кыюу пландалууда. Алардын ордуна 3 жарым метр бийиктиктеги теректер отургузулат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18