USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

11 миңге жакын фермер жеңилдетилген насыя алышты

17:55, 17 сентября 2018, Бишкек - 24.kg

«Айыл чарбаны каржылоо −6» долбоорунун алкагында 10 миң 831 фермер жеңилдетилген насыя алышты. Бул тууралуу Каржы министрлигинин алдындагы бюджеттик насыялар башкармалыгы боюнча мамлекеттик агенттиктен билдиришти.

Маалым болгондой, жалпы каржылоонун суммасы 5 миллиард 18 миллион 339 миң сомду түздү. Анын ичинен жашылча-жемиш өстүрүү багытына 1 миллиард 479 миллион сом каралган.

Ал эми мал тармагына 2 миллиард 768 миллион сом, кайра иштетүү жана кызмат чөйрөсүнө 1 миллиард 6,1 миллион сом бөлүнгөн.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18