USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Экс-президент Алмазбек Атамбаев 62 жашка толду

14:17, 17 сентября 2018, Бишкек - 24.kg

Бүгүн, 17-сентябрда экс-президент Алмазбек Атамбаев 62 жашка толду. Аны «Кыргызстан Социал-демократтар партиясынын» ар облустагы мүчөлөрү аталган партиянын башкы штабынан тосуп алып, туулган күнү менен куттукташты. Бул тууралуу КСДПдан билдиришти.

«Алмазбек Шаршенович өлкө үчүн көп иштерди жасады. Мамлекеттүүлүктү сактап калгандан сырткары, өлкөнү өнүгүү жолуна түшүрдү. Ал адаттагыдай эле партия кеңсесине келе жатканда активисттер менен башкы штаб күтүүсүз туулган күндүк куттуктоо иш-чарасын тартуулашты», — деп жазылат маалыматта.

 

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18