Абдурахманхаджи Муртазалиев джиу-джитсу боюнча клубдук чемпионатта күмүш тагынды
11:10, 17 сентября 2018, Бишкек - 24.kg
Кыргызстандык Абдурахманхаджи Муртазалиев джиу-джитсу боюнча клубдук чемпионатта күмүш медаль жеңип алды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине өзү билдирди.

Маалым болгондой, иш-чара Нью-Йорк шаарында болду.
Спортчу Unity Jiu-Jitsu нью-йорктук клубдун атынан катышып, 85 килограмм салмак ченинде ат салышты.
Абдурахманхаджи Муртазалиев жайкы Азия оюндарында коло медаль тагынган.