USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Кыргызстанда жарандарды чет жерге ишке орноштуруу боюнча 75 жеке компания иштейт

14:16, 14 сентября 2018, Бишкек - 24.kg

Кыргызстанда жарандарды чет жерге ишке орноштуруу боюнча 75 жеке компания иштейт. Бул тууралуу маалымат жыйында миграция кызматынын маалыматтык-кеңеш борборунун директорунун орун басары Алмаз Алыбаев билдирди.

Айтымында, жыл башынан бери аталган компаниялар 7 миңден ашуун кишини ишке орноштурушту. Алардын басымдуу бөлүгү Түркияга кетишкен.

Алмаз Алыбаев билдиргендей, эмгекке орноштуруу боюнча кеңеш алуу үчүн борборго 20 миңден ашуун киши кайрылган.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18